Соттор кеңеши: Судьялар боюнча жобобуз мыйзамга да, регламентке да туура келет

Иллюстрациялык сүрөт.

Соттор кеңешинин судьялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз-даттанууларды кароо боюнча жүргүзүп жаткан иши мыйзамдуу жана сот процесстеринин катышуучулары менен башка кызыкдар тараптардын укугун коргоого багытталууда. Бул тууралуу 20-сентябрда “Азаттык” радиосуна Соттор кеңешинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди.

Ал Кыргызстанда быйыл 5-майда жаңы Конституция кабыл алынганын, анда судьяларды тартип жообуна тартуу маселесин кароо Соттор кеңешинин карамагына өткөнүн белгиледи. Сот системасы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүүнүн өткөөл мезгилинде жарандардын, уюмдардын арыздануу жана ал арыздарды каратуу укуктарын камсыз кылууга милдеттүү экенин айтты.

Судьялардын жоопкерчилиги боюнча маселелерди кароо тартиби жөнүндөгү убактылуу жобо бекитилгенин айткан Сагыналиева Соттор кеңеши 2010-жылы судьялардын сегизинчи кезексиз съездинде бекитилген регламентине таянып иштеп жатканын, бул документ ички жоболорду кабыл алууга уруксат берерин белгиледи. Анын айтымында, бул жобо мыйзамдарга да, регламентке да туура келет.

19-сентябрда Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова соттордун жоопкерчилигин кароочу убактылуу жобонун мыйзамсыздыгын айтып чыккан.

Ал "Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамда соттордун жоопкерчилиги Конституциялык мыйзам менен жөнгө салынат деп так жазылып турат. Бирок бизде азыр соттордун макамы тууралуу мыйзам жок, жазыла элек. Булар ошол мыйзамды күтпөй эле, убактылуу жоболорду кабыл алып, бир топ судьялардын жоопкерчилигин кароого камынып жатышат. Ал соттордун арасында Ташиев менен Жапаровду соттогон, мурдагы режимге жакын бир топ судьялар жүрөт. Бул соттордун көз каранды эместигине чоң сокку",- деп «Азаттык» радиосуна билдирген.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, соттордун жоопкерчилигин Судьялар кеңеши карайт. Мурда бул милдет Тартип комиссиясында болчу. (ZKo/RK)

Дагы караңыз

“Азаттыктын” сынагын жеңгендер сыйландыИнженер-программист жумушсуз калбайт"Озоди" тажикстандык студенттер Кыргызстанга киргизилбей жатканын жаздыТүркмөн лидери бийликти уулуна өткөрүп береби?