Пермь мамлекеттик университиндеги атышууда алты киши каза болгонун Тергөө комитети билдирди. Ок чыгарган кылмышкер жок кылынды.
Ал университеттин корпустарынын бирине бүгүн, 20-сентябрда күндүзгү саат 11:00 чамаларында кирип барып, туш келди ок чыгарган. РЕН ТВ каналы жарыялаган видеодо экинчи кабаттан секирип жаткан адамдарды көрүүгө болот.
12 миңдей студент билим алган Пермь университетинде сабактар бул күнү токтотулду.
Бул соңку төрт айдан бери Орусиянын билим берүүчү жайларында катталган экинчи ушундай окуя.
Май айында Татарстандагы мектептердин бирине кирип барган Ильназ Галявиев аттуу жаран туш келди ок чыгарып, тогуз адамды өлтүргөн. Алардын жетөө окуучу, экөө мугалим болчу. Психиатриялык экспертизадан кийин Галявиев психикалык жактан жабыркары аныкталган.
Дагы караңыз
"Кумтөр иши": Экс-президент экинчи жолу суракка барды Тажикстан тарап кармап кеткен кыргыз жараны үйүнө коё берилдиТуйгунаалы Абдраимов "мыйзамсыз баюу" иши боюнча сурак берип жатканы кабарланды