Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты.
Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, бир апта мурун №47 абакка кайтканын ЖАМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова 20-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.
Экс-премьер-министр аталган ооруканага сентябрдын башында жаткан. Айрым маалымат каражаттары ал омурткасынан операция болгонун жазышкан.
Жантөрө Сатыбалдиев 2020-жылдын ноябрында жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга айыпталып, жети жарым жылга камалган. (SE)
Дагы караңыз
Аскер кызматкеринин өлүмү иликтенүүдөПрезидент ишкерликти колдоо улантыларын билдирди"Озоди" тажикстандык студенттер Кыргызстанга киргизилбей жатканын жазды