Аскер кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

№19 колонияда каза болгон аскер кызматкеринин жакындары окуянын себеби жөнүндө айтылып жаткан жоромолдорго макул эмес. Бул тууралуу 20-сентябрда «Азаттык» радиосуна маркум Рустам Иминовдун апасы Асыл Адылова билдирди.

Анын айтымында, адегенде аскер жетекчилери Иминов өзүн өзү атып алды деп айтышкан, эми башка версия айтып, 19 жаштагы аскерге күнөө коюлганын билдирип жатышат.

Адылова бул эки жоромол тең чындыкка коошпой турганын айтууда:

«Командири бизден качып жатат. Уулумдун кол астында болгон балдарды көрө элекпиз. Уулум каза болгондон эки күн өткөндөн кийин келгендер тергөө болгонун, уулумду аскерлер ойноп жатып атып алышканын айтышты. Менин баламды өлтүрүп, азыр ишти жапжаш баланын башына үйүп жатышат. Бала араң эле 19да, бир айдан кийин кызматы аяктамак экен. Кантип экенин билбейм, бирок алар күнөөнү моюнуна алдыртышыптыр. Азыр эми ошол баланын өмүрүнө коркуп жатам, себеби аны «чыдабай өлүп алыптыр» деп муунтуп же башка бирдеме кылып коюшабы…».

Аскер кызматын келишимдик негизде Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда кинолог болуп өтөп жаткан 20 жаштагы Рустам Иминов 17-сентябрда каза болгон. 19-сентябрда сөөгү Кеминде жерге берилди.

«Азаттык» бул окуя боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) комментарий сурап кайрылганда мекеменин басма сөз кызматы өлүмдүн чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирди.

2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (KE)

Дагы караңыз

Президент ишкерликти колдоо улантыларын билдирди"Озоди" тажикстандык студенттер Кыргызстанга киргизилбей жатканын жаздыЭкс-депутат жана мэр шектелген кылмыш Шайлоо-2021: Депутаттыкка талапкер болууну көздөгөндөрдөн 12 арыз түштү