Атамбаевдин ден соолугу жакшы болсо сотко катышары айтылды

Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы. 8-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болот деп күтүлүп жатат. Апрель айынан бери токтоп турган соттук жараян 13-сентябрда уланмак. Бирок ишти караган судья Азирет Медеров ооруп калгандыгына байланыштуу отурум 20-сентябрга жылдырылган.

“Эгерде соттук жараян болуп Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы болсо ал сотко катышат”, - деди Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып бир офицер курман болгон.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкинага да айып коюлган. (BTo)

Дагы караңыз

Ооганстанда талибдердин автоунаасы жардырылдыАары багуунун мээнети күчСүрөтчү Татьяна Зеленская эл аралык сыйлыкка ээ болдуЭкс-депутат жана мэр шектелген кылмыш Евразия жазуучулар бирлиги Арслан Койчиевдин түркчө китебинин бет ачарын өткөрдү