Францияда «СOVID паспортуна» каршы акция өттү

Коронавируска каршы эмдөө тууралуу сертификат.

Францияда «COVID паспортуна» каршы демонстрациялар өттү. Ушуну менен француздар 10-жекшемби катары менен каршылык акциясына чыгышты.

Бул документке ылайык, жарандар кафе-ресторандарга, маданий жайларга кирүү жана узак аралыкка жол жүрүү үчүн коронавирустан эмделгени тууралуу кагазды, тесттин жыйынтыгын же болбосо жакында эле ооруп айыкканын далилдеши зарыл.

Француз калкынын 65% толук эмделди.

Ал арада Италияда соңку аптада коронавируска каршы эмделгендердин саны 35% көбөйдү. Буга өкмөттүн токтому түрткү болду. Ага ылайык, 15-октябрдан баштап бардык мамлекеттик жана жеке компаниялар вакцинация тууралуу же тест тапшырганы тууралуу документ талап кылынат.

Кыргызстанда 19-сентябрга карата 1 330 259 адам коронавирустан эмделди. Алардын ичинен 764 437 адам вакцинанын бирин, ал эми 565 822 адам эки дозасын тең алды.

Дагы караңыз

Ооганстанда талибдердин автоунаасы жардырылдыОрусияда шайлоонун акыркы күнү мыйзам бузуулар көп катталууда"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы тарткан тасма эл аралык кинофестивалда сыйлык алды