Президент Жапаров элди вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алып жаткан учуру. 23-июль, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Мамлекет башчынын кайрылуусу анын Instagram социалдык тармагындагы баракчасына чыкты.

"Бүгүн коронавирус жуктурган 69 адам катталды. Алардын баары вакцина албагандар. Ошондуктан, бардык жарандарды коронавируска каршы эмделүүгө чакырам",-деп жазды Жапаров.


Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмделүүгө буга чейин да чакырып келген.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-сентябрга карата 1 330 259 адам эмделди. Алардын ичинен 764 437 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 565 822 адам эки дозасын алды.

Акыркы сутка ичинде 8 284 адам эмделди, анын ичинен 3 897 киши биринчи дозаны, 4 387 адам экинчи дозаны алган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-сентябрда Кыргызстанда коронавирустан 2 адам көз жумуп, 69 жаңы учур катталды. Жалпы коронавирус менен ооругандардын саны 177 722 адамга жетип, анын 172 189у айыгып чыккан.

Пандемия башталгандан бери оорудан жалпы 2588 адам каза болду.(ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстандык журналисттер дүйнөлүк коомчулукка кайрылышты Космоско учкан туристтер аман-эсен кайтып келиштиОрусияда эки күндө 31,5% шайлоочу добуш бердиCOVID-19: акыркы суткада 69 жаңы учур катталдыБишкекте онкологиялык илдет менен ооруган балдар үчүн өзүнчө бөлүм ачылдыБритания Кыргызстанды коронавируска коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргиздиГерманияда салттуу "Октоберфест" фестивалы өтүп жатат