COVID-19: акыркы суткада 69 жаңы учур катталды

Эл ташыган автобусту дезинфекциялоо учуру. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 19-сентябрга карата маалымдашынча, ооруну 69 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Өткөн жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 177 722 адамга жетти. Жалпы 172 189 киши сакайды.

Акыркы суткада оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте:
Бишкек - 41
Талас облусу - 3
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 4
Баткен, Ош, Чүй облустарында жана Ош шаарында вирус жуктурган адамдар катталган жок.

Акыркы суткада коронавирустан 2 адам көз жумду. Оорудан жалпы 2588 адам каза болду.

Ушул тапта 594 бейтап ооруканада, 881 адам үй шартында дарыланып жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте онкологиялык илдет менен ооруган балдар үчүн өзүнчө бөлүм ачылдыБритания Кыргызстанды коронавируска коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргиздиГерманияда салттуу "Октоберфест" фестивалы өтүп жатат"Бийлик элде болбосо, эмнеси демократия?"Тажикстан "Талибандын" талылуу жерин билетКазак депутаттары Тажикстанга курал берүүнү талкуулайт Лондондогу уюм Кыргызстандын алтынын Батыш өлкөлөрүнө сатуу укугун чектеди