Депутат Руслан Чойбеков тергөө аяктаганча камакта болот

Руслан Чойбеков парламентте депутат катары ант берүүдө. Бишкек. 2018-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып кармалган Руслан Чойбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Мындай чечимди бүгүн, 18-сентябрда Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, экс-депутат тергөө аяктаганча камакта болот. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы алдамчылык үчүн шектүү катары 16-сентябрда кармалган.

УКМК билдиргендей, экс-депутат шайлоо учурунда депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Ага каршы арызды акча бергенин айткан адам жазган. Бул иштин алкагында 18-сентябрда Нарын шаарынын мэри С. Б. да кармалганы кабарланды.

Чойбековдун жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Ага катышкан "Кыргызстан" партиясына Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын 16сы тийген. Кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.(ZKo)

Дагы караңыз

УКМК Нарындын мэри алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирдиЧек арачы кызматкер киши өлтүрүүгө шек саналууда"Кумтөр иши": Экс-президент экинчи жолу суракка барды Генералдын кооптуу абакка которулушу талкуу жаратты “Улуттар биримдиги" жана "Көзөмөл" саясий партиялары шайлоого чогуу катышатОш мамлекеттик педагогикалык университетине Бекмурза Зулуев кайрадан ректор болуп шайланды  Оторбаевдин "Кумтөр ишиндеги" изи