Чек арачы кызматкер киши өлтүрүүгө шек саналууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлекте чек арачы кызматкер киши өлтүрүүгө шек саналууда.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 18-сентябрда билдирди. Маалыматка ылайык, С. П. аттуу чек арачы Лейлек районундагы Эски-Оочу айылынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө шек саналып, милиция тарабынан кармалды.
Сөөк бүгүн, 18-сентябрда таңга жуук табылган.

Чек ара кызматынын маалымдашынча, 6-сентябрдан бери эмгек өргүүсүндө жүргөн, 30 жаштагы С. П. 17-сентябрда кечке жуук шериктери менен тойдон кайтып келе жатып, шериги менен мушташа кеткен. Натыйжада шериги көз жумган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Генералдын кооптуу абакка которулушу талкуу жаратты “Улуттар биримдиги" жана "Көзөмөл" саясий партиялары шайлоого чогуу катышатОш мамлекеттик педагогикалык университетине Бекмурза Зулуев кайрадан ректор болуп шайланды  Аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайтОторбаевдин "Кумтөр ишиндеги" изи Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө абагына камалдыУрушчаак түгөйлөрдүн таарынычыАКШда Pfizer-BioNTech вакцинасы менен улгайган адамдарды эмдөөгө уруксат берилдиЛондондогу уюм Кыргызстандын алтынын Батыш өлкөлөрүнө сатуу укугун чектедиСооронбай Жээнбеков сурактан чыкты