Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө абагына камалды

Жоомарт Оторбаев.

"Кумтөр иши" боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 18-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Соттун чечимине ылайык, анын бөгөт чарасы тергөө бүткөнчө өзгөрбөйт.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаев УКМК тарабынан 16-сентябрда кармалган.

УКМК Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деп билдирген.

Кумтөр иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.(EBM/ZKo)

Дагы караңыз

АКШда Pfizer-BioNTech вакцинасы менен улгайган адамдарды эмдөөгө уруксат берилдиЛондондогу уюм Кыргызстандын алтынын Батыш өлкөлөрүнө сатуу укугун чектедиСооронбай Жээнбеков сурактан чыктыОн чакты обончунун мааракеси чогуу белгиленетНВ: Путин добуш берип жатканда кол сааты 10-числону көрсөтүп турдуКытай: АКШнын аракети Тайван кысыгында коркунуч жаратууда Футбол: Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Баткенде өтөтЭкс-президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан суракка чакырылдыКоронавирус 86 адамдан жаңы аныкталды, үч киши каза болду