Он чакты обончунун мааракеси чогуу белгиленет

Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир нече юбиляр композитордун мааракесин чогуу белгилөөнү чечти.

Кыргызстан композиторлор союзу 20-сентябрда Улуттук филармониянын чоң залында кошмо концерт уюштурула турганын маалымдады.

Иш-чара Кыргызстандын эл артисттери - Эсенгул Жумабаев менен Сардарбек Жумалиевдин 80 жылдыгы, Жылдыз Малдыбаеванын 75, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер - Акимжан Жээнбайдын 75; эл артисттери - Түгөлбай Казаков, Атайбек Бөдөшов, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер - Адылжан Абдуллаев – 70; Кадыралы Артыковдун 60 жылдыгына арналып өткөрүлөт.

Анда көзү өтүп кеткен композиторлор Михаил Раухвергердин – 120, Борис Глуховдун 80, Жумашбай Касымбековдун 70, Тарас Асанакуновдун 60 жылдыгына карата да эскерүү иретинде чыгармалары аткарылат.

Концертке Асанкан Жумакматов атындагы чоң симфониялык оркестр, камералык хор жана бир катар ырчы-аткаруучулар катышат.(ZKo)

Дагы караңыз

НВ: Путин добуш берип жатканда кол сааты 10-числону көрсөтүп турдуКытай: АКШнын аракети Тайван кысыгында коркунуч жаратууда Казак депутаттары Тажикстанга курал берүүнү талкуулайт Футбол: Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Баткенде өтөтОторбаевдин "Кумтөр ишиндеги" изи Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан суракка чакырылдыЛондондогу уюм Кыргызстандын алтынын Батыш өлкөлөрүнө сатуу укугун чектедиКоронавирус 86 адамдан жаңы аныкталды, үч киши каза болду