Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык оюну бүгүн, 18-сентябрда Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өтөт.
Кыргыз футбол бирлиги уюмунун расмий сайтындагы маалыматта кубок үчүн Бишкектин “Алга” жана Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу ойнойт. Беттеш саат 16:00дө башталат. Билет 100 сомдон сатылат. Футбол беттеши кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда шоу программа менен коштолуп, баалуу белектер ойнотулат.
Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун быйылкы оюндарына премьер лигада, улуттук лигада жана экинчи лигада ойногон 16 клуб катышты. Кубоктун учурдагы ээси Ош шаарынын “Алай” клубу. (ECh/GT)
Дагы караңыз
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан суракка чакырылдыЛондондогу уюм Кыргызстандын алтынын Батыш өлкөлөрүнө сатуу укугун чектедиКоронавирус 86 адамдан жаңы аныкталды, үч киши каза болдуСадыр Жапаров "Өзгөн -Мунара -2021" фестивалына катышты