18-сентябрга карата Кыргызстанда 86 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан ырасталды. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталды.
- Бишкек - 54
- Ош шаары - 1
- Чүй облусу – 13
- Талас облусу - 1
- Нарын облусу - 2
- Ысык-Көл облусу – 14
- Жалал-Абад облусу – 1
- Баткен жана Ош облустарынан оору жуктургандар катталган жок.
Ушуну менен былтыр 18-марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны жалпы саны - 177 653 адамга жетти. Бул аралыкта 172 111 киши оорудан сакайды.
Акыркы суткада вирустан үч адам көз жумду. Жалпы пандемия учурунда коронавирустан 2586 адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.
2019-жылы, декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган COVID-19 вирусу кыска аралыкта дүйнөнү каптап, 228 млн 412 миң 552 адамга жукту. Оорудан 4 млн. 692 811 киши көз жумду.(ZKo)
Дагы караңыз
Оторбаевдин "Кумтөр ишиндеги" изи Баткенде үйлөрдүн курулушу октябрга калдыЧек ара: Баткенде эки жаран өмүр бою кесилди, үчөөнүн соту уланууда Алматыда Назарбаевдин кызынын китебинин бет ачары өттүШКУ Ооганстандагы кырдаалга кабатыр Президенттик администрация: Калиев менен Авазовду бошотууну депутаттар өтүнгөн Бир тайпада 93 бала. Ошто бала бакча тартыштыгы чечиле элек IFJ Ооганстандагы журналисттердин абалына тынчсызданды