ШКУнун саммитинде Ооганстандагы кырдаал талкууланып жатат

Дүйшөмбүдө келбеген орус президент Владимир Путин ШКУнун саммитине онлайн катышууда

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат. Анда Ооганстандагы соңку кырдаал, аймакка тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурулууда. Уюмга мүчө айрым өлкөлөр менен аймакташ болгон Ооганстандан эл аралык коалициялык күчтөрдүн чыгышы менен бийлик талибдердин колуна өтүп, учурда кырдаал курчуп турат.

20 жыл мурун негизделген Шанхай кызматташтык уюму сепаратизм, экстремизм жана терроризм сыяктуу үч коркунучка биргеликте каршы туруу максатын көздөйт. Уюмду алгач Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан түзсө, 2017-жылы Пакистан жана Индия кошулган. Дал ушул өлкөлөрдүн лидерлери Дүйшөмбүдөгү жыйында Ооганстан боюнча кандай чечим кабыл алары белгисиз. Анткени, бул өлкөлөр бийликке келген талибдер боюнча ар кыл позицияны карманат.

Эки күнгө созулган жыйын Орусия менен Кытай Ооганстанда негизги оюнчу болуу ниетин ачык билдирип, талибдер менен алака түзүү аракетин көрсөтүп жаткан учурда өтүп жатат. Бул эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин жана Си Цзинпинь Дүйшөмбүдөгү юбилейдик саммитке келген жок, онлайн катышууда.

Ооганстан согуш, коронавирус пандемиясы жана быйылкы кургакчылыктан улам гуманитардык кризиске туш болуп турганда анын Борбор Азиядагы коңшулары коопсуздук көйгөйлөрүнөн жана он миңдеген ооган качкындары агылып келеби деп чочулап турушат.

ШКУнун бүгүнкү саммити 16-сентябрда Дүйшөмбүдө өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынан соң уюштурулууда. Аймактык аскердик уюмдун күн тартибинин башкы сабына Ооганстандагы кырдаал чыккан эле.

Дагы караңыз

18-сентябрдын аба ырайыРустам Жокоев "Унаа" мекемесинин директору болуп дайындалдыДүйшөмбүдө ШКУнун саммити башталдыТемирлан Султанбеков ИИМге суракка чакырылганын билдирди COVID-19: Италияда кызматкерлерден саламаттык тууралуу документ талап кылынат