“Өзгөн Мунара-2021” феcтивалы башталды

Өзгөн күрүчү менен бастырылып жазылган көргөзмө. Өзгөн району, Ош облусу. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Өзгөн шаарында 17-сентябрь күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган этно-фольклордук фестивал башталды.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө фестивал жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чарага айтуучулук өнөрдүн өкүлдөрү - манасчы, төкмө акын, дастанчылар, искусство чеберлери жана эстрада жылдыздары катышат.

Фестивалда ошондой эле кол өнөрчүлөр көргөзмөсү, чыгыш базар жарманкеси, күрүчтөн палоо жасоо сынагы болот.

Мындан тышкары илимий-практикалык конференция, төкмө акындардын айтышы менен коштолуп, "Өзөгүмдө Өзгөнүм” театралдаштырылган пролог коюлат. Фестивалды чоң программадагы гала-концерт жыйынтыктайт.

Өзгөн мунарасы архитектуралык комплекси - бир мунара, үч мавзолейден турат. Архитектуралык комплекс XI-XII кылымдарда Карахандар доорунда курулган. (DU)

Дагы караңыз

Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергени маалымдалдыМариповдун Facebook жана Instagram баракчалары верификациядан өттүКытай Кыргызстанга 100 миллион доллар берүүгө даярдыгын билдирдиДүйшөмбү шаарында ШКУ лидерлеринин саммити өтөтАрмения Азербайжанга байланыштуу Гаага сотуна кайрылды