Казак парламенти Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү мыйзамын карайт

Тажик куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү тууралуу мыйзам долбоору Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы – мажилистин кароосуна коюлду.

Бул тууралуу 15-сентябрда мажилистин эл аралык иштер жана коргоо комитетинин төрайымы Айгуль Куспан билдирди. Палатанын спикери Нурлан Нигматуллиндин айтымында, документ «Тажик-ооган чек ара аймагында коопсуздукту камсыздоодо аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн келишимин ратификациялоо» деп аталат.

Куспан келишимге быйыл 12-июлда Нур-Султанда кол коюлганын кошумчалады.

Августта Тажикстан Ооганстанда бийлигин орноткон «Талибан» кыймылына каршы экенин ачык айткан.

Президент Эмомали Рахмон талибдерге каршы күрөшкөн оогандык тажиктерди буга чейин эле колдочу.

Тажикстан армиясы акыркы жылдарда Орусия, Кытайдан жардам, АКШ, НАТО жана Еврошаркеттен аскердик жабдууларды алган.

Нур-Султандын Дүйшөмбүгө акысыз аскердик жардам берери жөнүндө маалыматтар алгач быйыл 8-июнда пайда болгон. Казак Коргоо министрлиги тажик армиясына 3 миллиондон ашуун даана курал берүүгө негиз болчу атайын мыйзам даярдалып жатканын билдирген.

Анын алдында, апрелдин этегинде, майдын башында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан. Аскердик жардам тууралуу жаңылык социалдык тармактарда түрдүү талкууларга жем таштаган. Ошондон кийин казак коргонуу мекемеси ушундай эле жардам Бишкекке да берилерин кабарлаган.

Дагы караңыз

Сот Курсан Асановду №50 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу чечим чыгардыАдвокат: Курсан Асановду өзгөчө оор кылмыш жасагандардын абагына камамай болуштуЖККУ: Жапаров чек ара маселесин козгодуЭкс-премьер-министр Оторбаев камалдыСаясат айдыңын дүрбөткөн аудио жана кайрылууМирзиёев берген убадасын аткардыбы?