Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу 16-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматында Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзам талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген" деп жазылган.
Мурдагы премьер бүгүн кармалганы, анын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталары айтылды.
Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары жетектеген Оторбаевдин жакындары жана адвокаттарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. (RK)
Дагы караңыз
Сот Курсан Асановду №50 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу чечим чыгардыУКМК: "Кыргызстан" партиясынан шайланган мурдагы депутат кармалдыБишкекте баскетбол ойногондор көбөйдүЖапаров ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү