ЖККУнун Дүйшөмбүдөгү саммити аяктады

ЖККУ саммитинин катышуучулары. Дүйшөмбү шаары. Тажикстан. 16-сентябрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 16-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинде президенттер аймактык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулап, Ооганстандагы кырдаалды жана бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты.

Саммит Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү. Отурумга ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась дагы катышты.

Жыйындын соңунда ЖККУнун коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду. Алардын ичинде:

  • уюмга мүчө-мамлекеттердин аймагында жамааттык коопсуздук күчтөрүн жана каражаттарын убактылуу жайгаштыруу, юрисдикция маселелери жана укуктук жардам көрсөтүү;
  • ЖККУнун аскерлерин биргелешип материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо тууралуу келишим;
  • ЖККУнун 2007-жылдын 6-октябрындагы тынчтык орнотуучу ишмердүүлүк жөнүндөгү келишимине өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол бар.

Мындан тышкары

  • "Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана уюмдун 20 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө";
  • "ЖККУнун ыкчам чара көрүү күчтөрүн курал-жарак, аскердик жана атайын техника, каражаттар менен камсыздоо планы жөнүндө";
  • "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мультисервистик байланыш түйүнүнүн схемасы жөнүндө" коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынды.
Ошондой эле, ЖККУнун баш катчысынын тынчтык орнотуу боюнча өкүлү, ЖККУнун мамлекеттер аралык аскердик-экономикалык кызматташтык комиссиясынын төрагасы, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы жөнүндө чечимдер бар.

Бүгүн, 16-сентябрда Дүйшөмбүдө ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити болду. 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттери жыйын курат. Мамлекет башчылар эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлары кабарланган.

Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Ооганстандагы соңку кырдаал.(ZKo)

Дагы караңыз

ЭлТР "маданият ишмерлеринин каты" тууралуу маалымат берди Бишкек транспорт тартыштыгын окуу башталганда сезди"Спутник V" вакцинасын жактыруу жылдыКоронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 260 миңден аштыТарых музейин ноябрда ачуу пландалууда