"Спутник V" вакцинасын жактыруу жылды

Орусиянын "Спутник V" вакцинасын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан жактыруу дагы кийинкиге жылдырылды.

Адегенде препаратты чыгарган завод дагы бир ирет текшерилет. Бул тууралуу Панамерикалык саламаттык сактоо уюмунун расмий өкүлү Жарбас Барбоса билдирди.

Июнь айынын ортосунда ДССУнун эксперттик тобу Уфадагы ишканада вакцинаны жасоодо бир катар эреже бузууларды аныктаган. Атап айтканда, айлана-чөйрөнү коргоого жана таштандыларга байланышкан нормалар сакталбаганы ачыкка чыккан. Башка заводдорго эч кандай доомат айтылган эмес.

Инспекциянын доклады вакцинанын өндүрүүчүсүнө жана Орусиянын тиешелүү органдарына жөнөтүлгөн.

Ушу тапта "Спутник V" Европанын дары-дармектерди тескеген агенттигинин экспертизасынан өтүп жатат.

Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm жана Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вакциналарынан тышкары Орусиянын “Спутник V” препараты пайдаланылып келет.

Дагы караңыз

ШКУнун Дүйшөмбүдөгү саммитинде Ооганстандагы абал талкууланатТажикстан: алюминийдин кирешеси кимге таандык?Коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 260 миңден аштыПутин айланасында ондогон киши коронавируска чалдыкканын айтты Тарых музейин ноябрда ачуу пландалууда