Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен кийин 17-сентябрда Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болот. Анда да Ооганстандагы абал негизги маселелерден болот. 2001-жылы түптөлгөн уюмга адегенде Кытай Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирип, 2017-жылы Индия менен Пакистан кошулган.
Орусия президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталгандан кийин Тажикстанга баруудан баш тарткан. Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпинь жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да жыйынга онлайн катышмакчы. Уюмдагы байкоочу статуска ээ Ирандын президенти Ибрахим Раиси жума күнү барат деп күтүлүүдө.
Ооганстан дагы уюмга байкоочу катары кирген, бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 15-сентябрда “Талибан” кыймылы саммитке чакырылбаганын билдирген.
“Талибдерди толук таанууга эч ким шашылган жок”, – деп айтты Лавров.
Бир ай мурун дээрлик бүт Ооганстанды, анын ичинде Кабулду өз көзөмөлүнө алган "Талибан" кыймылы кошуна өлкөлөрдү жана Орусияны аларга эч кандай коркунуч жаратпасына ишендирип келатат.
Дагы караңыз
Тажикстан: алюминийдин кирешеси кимге таандык?Коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 260 миңден аштыПутин айланасында ондогон киши коронавируска чалдыкканын айтты Тарых музейин ноябрда ачуу пландалуудаӨкмөт кышка даярдыкты талкууладыАКШ, Британия жана Австралия коопсуздук тармагында жаңы альянс түзүштү