ИИМ саясатчылардын сурак берүүсү боюнча үн катты

Ички иштер министрлиги.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 15-сентбярда бир катар саясатчылардын сурак берип чыгышына байланыштуу расмий маалымат берди. Ага ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат.

Анын негизинде 98-беренесине ылайык жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары Алмаз Сарыбаев кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Ушундай эле негизде 14-сентябрда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

"Сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары бир нече Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынган. Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Мунун алдында интернетке Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда ЖК депутаты Жанар Акаев, ИИМдин мурдагы жетекчиси Мелис Турганабевдин дагы аты аталган. Аталган аудиону "фейк" деп атап жатышат.

Дагы караңыз

Бишкек шаардык кеңеши жол кирени көтөрүү маселесин талкуулап жатат"Улуттар биримдиги" менен "Мекен сакчысы" шайлоого бирге бармай болдуБишкек транспорт тартыштыгын окуу башталганда сездиЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бирдиктүү билдирүү кабыл алдыШайлоо-2021: Чет өлкөлөрдө 57 добушкана ачылат

Ушуга улай 14-сентябрда мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөтүлүп, кийин интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган. Маданият ишмерлери кол койду деген кайрылууга байланыштуу аты аталган саясатчылар 15-сентябрда ИИМге сурак берип чыгышты.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун, мазмуну өзгөрүп кеткенин билдирип чыгышкан.

Каттын артында кимдер турганын аныктоону талап кылган экс-депутат, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. (КЕ)