Президент Садыр Жапаров 15-сентябрдын кечинде иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды. Шаардын эл аралык аэропортунан Кыргызстандын расмий делегациясын тажик өкмөтүнүн башчысы Кохир Расулзода тосуп алды.
Бүгүн 16-сентябрда Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттеринин саммиттери өтөт.
Президенттер эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат.
Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Ооганстандагы соңку абал.
Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмуна сегиз өлкө – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларусь, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)
Дагы караңыз
Кумтөр: Нью-Йорктогу сот Кыргызстанга санкция салуу тууралуу арызды четке какты Исмаил Исаков: Кат-кайрылуулар боюнча суракка чакыра берүү - эркиндикти кысууСонунбү Кадырова: Президентке жазган катыбыздын биринчи бети өзгөртүлүп жарыяланып кеттиТихановская Парижде Беларустагы кризисти жөнгө салуу зарылдыгын айтты