Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик өтөт

Ишембиликке чыккан ыктыярчылар.

"Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн" утурлай 18-сентябрда Кыргызстандын коомдук жайларын, эс алуу бактарын, суу жээктери жана токойлорду акыр-чикирден тазалоо үчүн масштабдуу ишембилик өтөт.

Аны "Эко Деми" коомдук фонду уюштуруп жатат. Быйыл бул масштабдуу иш-чарага даярдануу үчүн уюштуруучулар республиканын шаарлары жана аймактарындагы булганыч жерлердин виртуалдык картасын иштеп чыгышты. Уюштуруучулар ыктыярчыларды бул ишке кошулууга чакырууда.

"Бишкек шаары боюнча булганган жүздөй жер аныкталды. Бул эс алуучу жайлардагы чоң стихиялуу таштанды жаткан жерлер, аларды активисттер тазалашат. Ар бир пунктка лидерлер дайындалат. Иш-чарага катышуу үчүн атайын каттоодон өтүп, биз менен ошол жерге баруунун кажети жок. Ар бир адам акциянын катышуучусу боло алат. Жада калса үйдүн короосуна чыгып, кошуналарды чогултуп, тегерегин тазалап, жыйынтыгын сүрөткө тартып алсаңыз болот. Бирок ошол эле кезде, өзүңүздүн коопсуздугуңузду унутпастан, жараат албаш үчүн кол кап кийип алуу сунуштайбыз”, - деди “Эко Деми” фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева.

Маалыматка караганда, 2019-жылы өткөрүлгөн ишембиликтин натыйжасында, Кыргызстан дүйнөлүк акциянын жыйынтыктары боюнча биринчи орунду ээлеген.

Республикалык ишембиликке 624 миң адам (өлкөнүн жалпы калкынын дээрлик 10%) катышып, алар бир күндө 9 миң тоннадан ашык таштанды чогулткан. Ага президенттин аппаратынын, президенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү, министрликтин кызматкерлери катышкан.

Дагы караңыз

Депутат Жанарбек Акаев милицияга суракка чакырылдыНарматова: 70теги атамдын үйүн тинткени оор тийди Бишкектин Ленин районунун акими алмашты"Европаны жаңылоо" тобу Навальныйды Сахаров сыйлыгына көрсөттү

"Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө" карата "Келгиле, аткарабыз!" кыймылы 2008 - жылы Эстонияда пайда болгон. Анда 50 миң активист өлкөнү 5 саатта 10 миң тонна таштандыдан тазалаган. Бул акция дүйнө жүзү боюнча экологиялык долбоорлордун жана жарандык демилгелердин башталышына түрткү болгон.

Биринчи дүйнөлүк тазалык күнү 2018 -жылдын 15-сентябрында уюштурулган. 2019-жылы планеталык ишембиликте 180 өлкөдөн 21,2 миллион катышуучу бириккен. 2020 -жылы глобалдык пандемия себеп болгон чектөөлөргө карабастан, глобалдык акцияга 11 миллион адам катышкан.

Кыргызстанда бул акция төртүнчү ирет уюштурулуп жатат. (КЕ)