Бишкектин Ленин районунун акими болуп Русланбек Тагаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 15-сентябрда кабарлады.
Маалыматка караганда, Тагаев буга чейин суу менен камсыздоо жана канализация системасында иштеген.
Мурдагы аким Мурат Осмонов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулгон.
Төрт райондон турган Бишкек шаарынын мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. (КЕ)
Дагы караңыз
Түп - Кеген жолу 2022-жылы курула баштайтГаагадагы сот Косово согушундагы кылмыштарды карай баштадыАйсулуу Тыныбекова алдамчылар жөнүндө эскерттиКалифорнияда шайлоочулар демократ губернаторду колдоштуОш - Бишкек жолундагы кырсыктан үч киши каза болду