Жазуучу Олжобай Шакир трансгендер уулунун жашоосу тууралуу китеп жазды

"Адам+" китеби

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир трансгендер уулунун жашоосун чагылдырган “Адам+” деген повесть жазды. Китеп кыргыз жана орус тилдеринде 3710 нускада басылып, 15-сентябрда окурмандарга тартууланды.

Чыгарманын өзбек жана казак тилдериндеги котормосу электрондук түрдө жарыяланат. Автор өзүнүн баласынын тагдыры аркылуу ЛГБТ коомчулугунун көйгөйүн баяндайт. Бул эмгек – жыныстык азчылык жөнүндө жазылган кыргыз адабиятындагы алгачкы көркөм чыгарма.

Кыргызстандыктардын ультра-улутчул катмарында ЛГБТ коомчулугуна сабырсыз мамиле бар. Укук коргоочулар жыныстык азчылык өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаларын айтып жүрүшөт.

Дагы караңыз

Балдардын чындыгын укканга чыдайбызбы?Тбилиси: ЛГБТ жүрүшүнө каршы акцияда сабалган оператор көз жумдуБишкектин Ленин районунун акими алмашты"Европаны жаңылоо" тобу Навальныйды Сахаров сыйлыгына көрсөттүТүп - Кеген жолу 2022-жылы курула баштайт