Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго апасынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
“Апаңыз Шарлотта Жонсон Валь айымдын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден көңүл айтуумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Британ премьер-министринин апасы, сүрөтчү Шарлотта Жонсон Валь 79 жаш курагында ооруканада каза болгону кабарланган. (КЕ)
Дагы караңыз
Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 81 учур жаңы катталдыБишкекте Мелис Эшимкановду эскерүү иш-чарасы өтөтCOVID-19: Путин обочолонуусун Sputnik V вакцинасын сынап көрүү мүмкүнчүлүгү деп атадыКурсан Асанов бийликти күч менен алмаштырууга шектелип кармалды