Орусия президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу обочолонуп иштөөгө өткөнүн Sputnik V вакцинасын сынап көрүү мүмкүнчүлүгү катары сыпаттады.
14-сентябрда башкаруучу “Единая Россия” партиясынын лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү менен видеобайланыш аркылуу өткөргөн жыйында Путин “Менин жакын айланамдагы бир нече адам ооруп калды. Алардын бири менен мен тыгыз байланышта иштейм” деп айтты.
Буга чейин Sputnik V вакцинасы менен эмделгенин айткан орус президенти азыркы обочолонуусун “табигый эксперимент” деп атап, “бул вакцина иш жүзүндө кандай таасир берерин карап көрөлү” деди.
Орусия калкын өзү өндүрүп жаткан Sputnik V жана EpiVacCorona вакциналары менен эмдеп жатат. Бул өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 2020-жылдын декабрында башталган. (RK)
Дагы караңыз
АКШ: Блинкен Конгрессте Ооганстандагы операция боюнча маалымат берүүдө Качкындар Өзбекстанга Амударыя аркылуу өтө баштадыКурсан Асанов бийликти күч менен алмаштырууга шектелип кармалдыӨзбекстанга качкан оогандардын аягы тыйыла элек