Ооган качкындары дарыядан сүзүп өтүп Өзбекстанга кирүүдө

Ооганстандык качкындар

Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын айткандарына таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты. Сурхандарыя облусунун тургундарынын айтымында, оогандык качкындар колго жасалган кайык, салдарды колдонуп, айрымдары дарыядан сүзүп өтүп, коңшу өлкөнүн аймагына киришкен.

Мурзабад районунун тургуну 12-сентябрда качкындардын кезектеги тобу өтүп, жергиликтүү тургундардан тамак-аш сурашканын айтып берген.

Аталган аймакта Өзбекстандын аскерлери жана чек арачылары кайтарууну күчөткөнү кабарланууда.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча учурда өзбек-ооган чек арасы толугу менен жабык. "Термез" өткөрмө бекетинен өтүүгө мүмкүн эмес. Буга чейин өзбек бийлиги айрым маалымат каражаттарынын "ооганстандык качкындарга чек араны ачат" деген кабарларын четке каккан.

"Азаттыктын" жеке булактарынын айтымында, Өзбекстан өзбек визасы бар ооган жарандарын гана киргизип жатат.

Дагы караңыз

Кырчында 14,6 кубометр карагай мыйзамсыз кыйылганы аныкталды“Кызыл өрүк” - бир муун аялдардын тагдырыНорвегияда солчул оппозициячыл партия шайлоодо жеңишке жетти“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы башталдыCOVID-19: Жонсон бустердик эмдөө боюнча планды жарыялайт