Норвегияда солчул оппозициячыл партия шайлоодо жеңишке жетти

Климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу Норвегияда шайлоодогу башкы талкуулардын бири болду.

Норвегия дүйшөмбүдө бир палаталуу парламентке шайлоо өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында солчул центристтик оппозициячыл партиялар жеңишке жетти.

Жумушчу партиянын лидери Юнас Гар Стере Норвегиянын кийинки өкмөтүн түзөрү күтүлүүдө. Ал үчүн парламентке келген башка партиялар менен коалиция түзүүгө туура келет. Жумушчу партия экономикалык теңсиздикти жоюу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди көрүү убадаларын беришкен.

Мындай жол менен Эрна Сульберг башында турган Консервативдик партиянын сегиз жылдык башкаруусу аяктады.

Норвегия-калкы 5 миллион адамды түзгөн Европадагы эң байгер өлкөлөрдүн бири. Бул өлкө акыркы жыйырма жылда адамдык потенциалды өнүктүрүү индекси боюнча алдыдагы мамлекеттердин катарына кирет.

Дагы караңыз

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы башталдыCOVID-19: Жонсон бустердик эмдөө боюнча планды жарыялайтШКУ жана ЖККУ жыйынында Ооганстандагы кырдаал талкууланатОшМУнун окутуучусу пара менен кармалганы кабарланды