Меркель: Батыш Балкан өлкөлөрү ЕБга кириш үчүн “узак жолдон” өтүшү зарыл

Ангела Меркель жана Александр Вучич. Белград. 2021-жылдын 13-сентябры.

Немис канцлери Ангела Меркель алты батыш-балкан өлкөсүнүн Европа Биримдигинин катарына кирүүсү Германиянын максаттарынын бири экенин, бирок ал мамлекеттер бирикмеге мүчө болуу үчүн “узак жолдон” өтүшү керектигин айтты. Мындай пикирин ал 13-сентябрда Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда билдирди.

Германиянын өкмөт башчысы катары кызматы жыйынтыкталып жаткан Меркелдин иш сапары бүгүн 14-сентябрда коңшу Сербияда уланат. Ал серб өкмөтүнүн башчысы жана Европа Биримдигине кирбеген беш өлкөнүн – Албаниянын, Босния жана Герцеговинанын, Косовонун, Черногориянын жана Түндүк Македониянын премьер-министрлери менен жолугат. Жыйында эки тараптуу мамилелер менен катар аймактык кызматташтык, бирдиктүү соода-сатык маселелери да талкууланат.

Германиянын өкмөтүн 16 жыл ичинде төрт жолу шайланып келип башкарган Ангела Меркель кызматын быйыл 26-сентябрда өтө турган шайлоодон кийин тапшырып берет. Октябрь айында “Европа – Балкан өлкөлөрү” саммити өтөт.

1992-жылы экономикалык жана саясий бирикме катары негизделген Европа Биримдигине Германияны кошо эсептегенде 27 өлкө мүчө.(RK)

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык Айылда жумушсуз отургандар үчүн социалдык тигүү цехтери ачылуудаКоронавирус шоуменди кырчын курагында алдыБШК: Шайлоочулар саны 81 миңге көбөйдү