Уран жана торий казууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору талкууга коюлду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган “Жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

Эгер ал жактырылып, кабыл алынса 100% мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торий иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзүп иштей алышат.

Башкаларда мындай укук болбойт. Курамында уран жана торий бар калдыктарды, чийки заттарды сырттан ташып келүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат.

2019-жылы Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. (RK)

Дагы караңыз

Тендердеги Түмөнбаевдин карааны иликтене баштады Коронавирус шоуменди кырчын курагында алдыКабулга Пакистандан жүргүнчү учак конду Лондон: "Уйгур трибуналында" казактар көрсөтмө берди