Кой-Таш окуясы боюнча сот дээрлик беш айдан кийин кайра улана баштады

Алмазбек Атамбаев сот залында. Архивдик сүрөт.

Кой-Таш окуясы боюнча дээрлик беш айдан бери токтоп турган сот 20-сентябрда уланмай болду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун текшерүү үчүн дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, сот отуруму 13-сентябрга белгиленген.

Бирок судья Азирет Медеров ооруп калганына байланыштуу кийинки аптага калтырылганын Атамбаевдин тарапташтары билдиришти.

Адвокат Замир Жоошев экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, Атамбаевге “жүрөктүн коронардык оорусу” жана “омуртка сөөктөрүнүн остеохондрозу” деген диагноз коюлганын, жактоочулар анын бошотулушун талап кылууну улантарын 7-сентябрда билдирген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Адвокаттары Атамбаев тийиштүү медициналык жардамды колония шартында ала албасын айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

Тендердеги Түмөнбаевдин карааны иликтене баштады Коронавирус шоуменди кырчын курагында алдыКабулга Пакистандан жүргүнчү учак конду Лондон: "Уйгур трибуналында" казактар көрсөтмө берди