15-сентябрдан тартып бала бакчалар да кадимки тартипте иштөөгө өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Эртең, 15-сентябрдан тартып Кыргызстанда бардык мамлекеттик бала бакчалар да кадимки тартипте иштөөсүн баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата бала бакчалардын кызматкерлеринин 82% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Кыргызстанда жалпысынан 1648 мамлекеттик бала бакча бар. Алардын баары 2020-жылдын жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган бойдон толук ачыла элек.

15-сентябрда мектептер да мурдагыдай тартипте ишке киришет. (RK)

Дагы караңыз

Тендердеги Түмөнбаевдин карааны иликтене баштады Коронавирус шоуменди кырчын курагында алдыКабулга Пакистандан жүргүнчү учак конду Лондон: "Уйгур трибуналында" казактар көрсөтмө берди