Бишкек: 75 миң окуучуга эсептелген мектептерде 170 миң бала билим алууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте муниципалдык мектептерде окуучулардын саны нормадан 2-3 эсе көп болууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, 75 миң балага эсептелген орто мектептерде 170 миң бала билим алууда.

Бишкек шаарында 89 муниципалдык мектеп бар.

Кыргызстанда жалпысынан 2200дөй мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айында жабылган мектептер быйыл 15-сентябрда ачылып, кадимки тартипте иштөөгө өткөнү жатат. (RK)

Дагы караңыз

Тендердеги Түмөнбаевдин карааны иликтене баштады Коронавирус шоуменди кырчын курагында алдыКабулга Пакистандан жүргүнчү учак конду Лондон: "Уйгур трибуналында" казактар көрсөтмө берди