Кыргызстан менен Орусия Ысык-Көлдө биргелешкен машыгуу өткөрүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусия бул күндөрү маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча биргелешкен машыгуу өткөрүүдө. Ысык-Көлдө 13-сентябрда башталган машыгуу 17-сентябрда жыйынтыкталарын Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Иш-чаранын ачылышына Орусиянын ички жана тышкы иштер министрликтеринин, Росгвардиянын өкүлдөрү, алдыңкы орусиялык өндүрүүчүлөр, Бириккен Улуттар Уюмунун маңзаттар жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Эки өлкөнүн тийиштүү кызматкерлери кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду издөө, апийим өсүүчү жерлерди аныктоо жана башка багыттар боюнча учкучсуз учуучу каражаттарды колдонуу багытында машыгып жатышат.

Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн баңги заттарын Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө жашыруун алып өтүүчү трафикте жайгашкан өлкө экенин адистер айтып келишет.(RK)

Дагы караңыз

Тендердеги Түмөнбаевдин карааны иликтене баштады Коронавирус шоуменди кырчын курагында алдыКабулга Пакистандан жүргүнчү учак конду Лондон: "Уйгур трибуналында" казактар көрсөтмө берди