Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатына катышат

Айсулуу Тыныбекова.

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76) 2-10-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатына катышат. Бул маалыматты Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, учурда спортчу кыздар Ысык-Көлдө машыгууда.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова буга чейин дүйнө чемпионатында алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло (Париж, 2017-ж.) медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.

22 жаштагы Мээрим Жуманазарова Жайкы Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси (Токио-2020). 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси.

Айпери Медет кызы 22 жашта. Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган. Быйыл Токиодо өткөн Олимпиадада 5-орунду ээледи. (КЕ/ECh)

Дагы караңыз

"Унаа" ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды УКМК киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн Кореядан грант алатБУУнун Ооганстанга жардам чогултуу боюнча жыйыны башталуудаБШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камалдыОрусияда учак кырсыгынан төрт адам мерт болду