Кылычбек Саркарбаев соттон акталды

Кылычбек Саркарбаев.

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев "документ жасалмалоо" иши боюнча акталганын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" билдирди. Ошондой эле, 2020-жылдын февралында Ошто болгон атышуу чырына да катышы жок деп табылган.

Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктап, мындай чечимди Ош шаардык соту 11-августта чыгарганын кабарлады.

Саркарбаев Спорт комитетинин башында турганда "кызмат абалынан кыянат пайдаланганы" боюнча иши да "кылмыш белгилери табылбагандыктан" кыскартылган.

2020-жылдын 17-декабрында атайын кызмат Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармаган. Бир айдан соң ага дагы бир кылмыш иши ачылып, Спорт комитетинин каржылык-чарбалык ишине зыян келтирген деп, Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен териштирүү башталган. Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп бергени расмий кабарланып, 16-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарган.

33 жаштагы Кылычбек Саркарбаев - эрежесиз мушташ чебери. Анын аты 2020-жылдын февралында Оштогу ок атышуу чырында да аталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Ага каршы кылмыш иштери ачылгандан соң Спорт комитетинин төрагалыгынан бошотулган. (SE)

Дагы караңыз

Чек ара жаңжалы: Лейлекте беш кишинин соту болуп жататБУУнун Ооганстанга жардам чогултуу боюнча жыйыны башталуудаУКМК киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн Кореядан грант алат"Унаа" ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камалды