Быйыл 159 миңге чукул окуучу 1-класска барат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл 158-159 миңге чукул бала 1-класска барат. Бул тууралуу 13-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мектеп босогосун биринчи аттаган балдардын так саны 20-сентябрдан кийин анык болот.

Бишкек шаарында 16 миң 863 бала электрондук тизме аркылуу 1-класска катталган. Ош шаарында 2,5 миңге жакын. Нарын, Талас, Кара-Балта шаарларында миңден ашуун, Жалал-Абад шаарында 3 миңге жакын, Кара-Суу шаарында 865, Токмок шаарында эки миңге жакын бала мектеп босогосун аттайт.

2020-жылы республика боюнча 156 миң бала алгачкы жолу мектепке барган.

Республика боюнча мектептер 15-сентябрдан тартып кадимки тартипте иштей баштайт. Бала бакчаларды ачуу маселеси жайгашкан районундагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет. (КЕ)

Дагы караңыз

УКМК киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн Кореядан грант алатОрусияда учак кырсыгынан төрт адам мерт болдуБишкекте окуучулар бет капты милдеттүү түрдө тагынатКеминдеги жол кырсыкта каза болгондордун жакындары нааразылыкка чыгышты"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы башталат