Кеминдеги жол кырсыкта каза болгондордун жакындары нааразылыкка чыгышты

Иллюстрациялык сүрөт

Кемин районунда эки ай мурдагы жол кырсыгында мүрт кеткендердин жакындары 13-сентябрда Башкы прокуратуранын алдына митингге чыгышты. Алар алты кишинин өмүрүн кыйган аварияга күнөөлүү экени айтылган адам жоопко тартылбай жатканын айтып даттанышты.

Kaktus media басылмасы кабарлагандай, чогулгандар кырсыкка себепчи болгон айдоочунун тууганы Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери экенин, ушундан улам иш жылбай жатканын билдиришкен.

Нааразы болгондор менен Башкы прокуратуранын өкүлү жолугуп, тийиштүү органдарга арыз жазуу боюнча сүйлөштү.

22-июлда Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун Кеминдеги бөлүгүндө “Хонда Степвагон” жана “Мицубиси Паджеро” үлгүсүндөгү машиналар кагылышып алты киши мүрт кеткен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл сегиз айда 500дөй адам жол кырсыгынан каза болду. Бул күнүгө экиден киши авариядан көз жумат дегенди түшүндүрөт. (SE)

Дагы караңыз

Жолдо төгүлгөн кан: жоопкерчиликти унуткарган коррупцияКыргызстанда 273 автомектеп бар, алардын 16сына эскертүү берилди Баткендеги жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жаракат алды