Шайлоо-2021: жеке талапкерлер арыз бере баштады

Мурдагы шайлоолордун биринде тартылган сүрөт.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн жеке талапкерлер документ тапшыра баштады. Алгачкы арыз 13-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы Акылбек Сариевден түштү. Ал Нарындагы №33 шайлоо округунан талапкер болууну көздөөдө. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бир мандаттуу округдарга талапкерлердин документтери 18-октябрга чейин кабыл алынат.

Буга чейин 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Шайлоо алдындагы үгүт 29-октябрда башталып, 27-ноябрда саат 8:00дө аяктайт.

Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. Партиялар үчүн жалпы өлкө бирдиктүү округ деп эсептелет, алар жалпы шайлоочулардын 5% ашыгынын добушун алыш керек.

БШК талапкер болуп катталган мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтагылар ыйгарым укуктарын токтотушу керектигин эскертти.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан. Октябрь окуялары учурунда Жогорку Кеңештин VI чакырылышы мөөнөтүн узарткан. (SE)

Дагы караңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 68 жаңы учур катталдыБаткендеги жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жаракат алды“Унаа” ишканасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн жарыяланат