Рим папасы Венгрияны “бардык адамдарга кулачын жаюуга” үндөдү

Рим папасы Франциск. Венгрия. 2021-жылдын 12-сентябры.

Рим папасы Франциск Венгриядагы сапары учурунда бул өлкөнү “бардык адамдарга кулачын жаюуга”, “жардамга кол сунууга” чакырганын көпчүлүк премьер-министр Виктор Орбандын улутчул жана миграцияга каршы саясатына карата сын катары баалап жатышат.

Католик чиркөөсүнүн 84 жаштагы башчысы 12-сентябрда Венгриянын борбору Будапештте жарым күн болуп, эл аралык рим-католик жыйынынын жабылышына катышкандан кийин Словакияга жөнөп кетти.

Ачык асман алдында өткөн иш-чарага коронавирус пандемиясына карабастан болжол менен 100 миңдей адам катышты.

Венгриянын өкмөт башчысы Орбан Европага качкындарды киргизүүгө каршы чыгып, миграцияны европалык иденттүүлүккө коркунуч деп көрсө, Франциск Европа өлкөлөрүн качкындарды кабыл алууга үндөп келет. (RK)

Дагы караңыз

Баткендеги жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жаракат алдыАк-Буураны көрктөндүрүү долбоору боюнча Ош мэриясына кылмыш иши козголдуФБР 9/11 тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады“Унаа” ишканасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн жарыяланат