Жамбылдагы жарылуудан каза болгондор 17 адамга жетти

Кампадагы жарылуудан кийин жабылган Алматы-Тараз жолу. Жамбыл. 27-август. 2021-жыл.

Жамбыл облусунда курал-жарак кампасындагы жарылуудан жаракат алган өрт өчүрүүчү, 28 жаштагы Жанибек Турманов каза тапканын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-сентябрда кабарлады.

Окуяда он жарандык коргонуу кызматкер, алты жоокер, бир аскер прокурору каза тапты. Дайынсыз болуп жаткан жоокер Бауыржан Даутбаевди издөө иштери уланууда.

Жамбыл облусунун Байзак районундагы курал-жарак сакталган кампа 26-августта жарылган. Жүздөй адам жаракат алган. 106 турак-жай, 13 мектеп жана 12 обьекти кыйраган.

Жарылуунун так себеби белгисиз. Коргоо министрлиги бул окуя боюнча "Курал жана айлана-чөйрөгө кооптуу заттар менен иштөө эрежесин бузуу" беренеси боюнча иликтөө башталганын кабарлаган.

Кырсыктан кийин коргоо министри Нурлан Ермекбаев кызматтан кеткен. Анын ордуна Мурат Бектанов дайындалган.

Дагы караңыз

Кышта тамак-аш тартыш болбойбу? Теле алып баруучу Алексей Филатов пневмониядан кайтыш болду Бир суткада коронавирус 75 кишиден аныкталды, үч бейтап каза болду Кургакчылык кесепети: жем-чөп кымбат, мал арыкЖаңы табылган динозаврга өзбекче ат берилди Пакистан Ооганстандан адамдарды эвакуациялоону улантатНарматованын иши: ИИМдин аракети суроо жаратты