Бир катар телеканалдарда көңүл ачуучу программаларды алып барып жүргөн Алексей Филатов ооруканада көз жумганын кесиптеши жана устаты Ассоль Молдокматова "Твиттердеги" баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка караганда, шоумен бир нече күн мурун өпкөсү кагынып (пневмония), ооруканага жаткырылган. Абалы оор экени, атайын аппарат аркылуу дем алып жатканы кабарланган.
Алексей Филатов КТРКдагы кыргыз-орус тилдеринде обого чыккан "Хит парад" программасынын алып баруучусу катары таанылган. Башка көңүл ачуучу программаларды, түрдүү оюн-зоок иш-чараларын уюштуруп жүргөн.
Маркум быйыл декабрда 33 жашка толмок.
Дагы караңыз
Кышта тамак-аш тартыш болбойбу? Бир суткада коронавирус 75 кишиден аныкталды, үч бейтап каза болду Кургакчылык кесепети: жем-чөп кымбат, мал арыкЖаңы табылган динозаврга өзбекче ат берилди Пакистан Ооганстандан адамдарды эвакуациялоону улантатНарматованын иши: ИИМдин аракети суроо жаратты"Хизб ут-Тахрир" кыймылынын Чүйдөгү өкүлү кармалдыБайден америкалыктарды улуттук биримдикке чакырды