"Хизб ут-Тахрир" кыймылынын Чүйдөгү өкүлү кармалды

“Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө адамдын үйүнөн табылган материалдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын тургуну экстремисттик материалдарды даярдап, социалдык тармактарда таратканы үчүн шек саналып кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай ал "Владимер Вова" деген аккаунт менен экстремизмге чакырган материалдарды таратып жүргөн.

Милиция шектүү - 56 жаштагы М. М. мурда да экстремисттик материалдарды таркатканы үчүн соттолгонун кабарлады. Иликтөө учурунда ал "Хизб ут-Тахрир Ал Ислами" кыймылында Чүй облусу боюнча "Маъсул" макамында болгону, облус аймагында уюмду башкарганы аныкталган.

"Хизб ут-Тахрир" уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда 21 диний уюмдун ишине тыюу салынган.(ZKo)

Дагы караңыз

Байден америкалыктарды улуттук биримдикке чакырдыБишкекте кыргызстандык жана түркиялык ишкерлердин бизнес-форуму өттү Орозайым Нарматова Москвага учуп кеттиУКМК: БШКнын мүчөсү алдамчылыкка шек саналып камакка алынды"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары демократиялык коалиция түздүБишкекке дагы 210 автобус келди"Газпром" "Түндүк агым-2" газ кууру курулуп бүткөнүн жарыяладыОоганстанда талибдер Амрулла Салехтин агасын өлтүрүштүДүйнө 11-сентябрдын курмандыктарын эскерип жататCOVID-19: Үч бейтап каза болуп, 100 учур жаңы катталды