Бишкекте кыргызстандык жана түркиялык ишкерлердин бизнес-форуму өттү

Кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес-форуму. Бишкек. 10-сентябрь, 2021-жыл.

Бизнес-форум Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесинин алкагында өттү. 10-сентябрда өткөн жолугушууга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандан Түркиянын ишкерлери энергетика, айыл чарба, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Марипов Түркия менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн Кыргызстан болгон күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирип, түркиялык инвесторлорду өлкөнүн оор жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Түркиянын вице-президенти Октай түрк тарап да эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр экенин айтып, кыргыз-түрк бизнес-форуму биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы кабарлагандай, бизнес-форумга Кыргызстандан 250гө чамалуу, Түркиядан 90дон ашуун компания катышты. 9-10-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга расмий сапар менен барган.(ZKo)

Дагы караңыз

Орозайым Нарматова Москвага учуп кеттиУКМК: БШКнын мүчөсү алдамчылыкка шек саналып камакка алынды"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары демократиялык коалиция түздүБишкекке дагы 210 автобус келди"Газпром" "Түндүк агым-2" газ кууру курулуп бүткөнүн жарыяладыОоганстанда талибдер Амрулла Салехтин агасын өлтүрүштү"Адам жана коом" предмети үчүн онлайн окуу китеби жазылатCOVID-19: Үч бейтап каза болуп, 100 учур жаңы катталдыДүйнө 11-сентябрдын курмандыктарын эскерип жатат