Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ош эл аралык аба бекетинен кармалып, Бишкекке жеткирилген активист, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова күбө катары суралгандан кийин бошотулганын билдирди.
“Тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова бүгүн ИИМдин тергөө кызматына көрсөтмө берүүгө алынып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп бүткөн соң күбө катары суралган Орозайым Нарматова кое берилди”, - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Бирок ИИМ алдына чогулган тарапташтары бир топко чейин тарбай, анын бошотулганына ишенбей турушту. Андан соң Нарматова телефон аркылуу байланышка чыккандан кийин гана тарап кетишти.
Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган.
Активист Орозайым Нарматованын кармалышын бир катар саясатчылар, депутаттар жана активисттер сындап чыгышты.
Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.
Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.
Дагы караңыз Бийликти сындаган активист кармалды