Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 74 миң жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынганын, алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын билдирди.
Орусиянын мыйзамдары боюнча, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга чейин өлкөгө кире албайт.
Тышкы иштер министрлиги “кара тизмеге” киргизилген Орусиядагы журтташтарга бул өлкөгө кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтүнүн аякташын күтүү керектигин билдирди. Же соттун чечимине даттанууга негиздер болсо сотко кайрылууну сунуштады.
Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон көп экени айтылып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Милиция Орозайым Нарматованын үйүндө тинтүү жүргүздү ИИМ Нарматованы Бишкекке жеткирүү боюнча тапшырма бергени маалым болдуУлуттук борбор жабык жайларда медициналык жардам көрсөтүү начарлаганын билдирдиАКШ менен Кытайдын лидерлери жети айдан кийин телефондон сүйлөштүАдахан Мадумаров Нарматованын кармалышын сынга алды