Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү үчүн аракет кылуу керектигин билдирди.
Бул тууралуу ал 10-сентябрда Кыргызстанда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушууда айтканын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
“Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз”, – деди Марипов.
Фуат Октай эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү колдоп, Түркия Кыргызстанга инвестиция тартууга даяр экенин кошумчалады.
Жолугушууда Түркиянын ооруканаларында акысыз негизде 150 кыргызстандыкты дарылоо үчүн ар жылкы квоталарды берүүнү жаңыртуу маселеси да каралды.
Октай 10-сентябрда Бишкекте өтө турган соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышат. Ушул күндөрү баш калаада кыргыз-түрк бизнес-форуму да өтөт.
Сапар алкагында бир катар документтерге кол коюу жана "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда. (BTo)
Дагы караңыз
Евробиримдик Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырдыНарматованын кармалышын айрым саясатчылар айыптадыЖантөрө Сатыбалдиев абактан ооруканага которулганы белгилүү болдуАдвокат: Нарматова "бийликти басып алууга чакырык" жасаган деп шектелип жататКыргызстанда вакциналарды сактоочу эки миңден ашуун муздаткыч бар