Аксыда жети киши күйдүргүгө шек саналып ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жети киши күйдүргүгө (сибир жарасы) шек саналып ооруканага түштү. Бул маалыматты райондук санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абсаматов "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, ооруканага түшкөндөрдүн абалы жакшы, эки кишиден оорунун белгилери байкалган.

"Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринде мал союлуп, ичеги-карынын кармаган беш адамдын анализи таза чыгып, эки адамдын анализинен оорунун белгилер байкалган. Алар ооруканага 2-сентябрдан баштап келе башташкан. Бейтаптарды дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп жатат", - деди Абсаматов.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Курсантбек Райышбековдун айтымында, союлган уйлар жерге көмүлдү.

"Жети баш кара мал өлүп, малдын бирин ээлери союп алган. Этин жегендер да бар. Калган алты уйду жерди казып көмдүк. 2-сентябрдан бери аймактагы малдардын баарына ийне сайыла баштады. Бирок ал малдар кандай оорудан өлгөнү аныктала элек", - деди Райышбеков.

Жергиликтүүлөр сибир жарасына шектелген малды 24-августта союшкан. Ал эми ооруканада жаткан жети кишинин экөө аял.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. (МВ)

Дагы караңыз

Шайлоо: Бюллетенде талапкердин номери гана көрсөтүлөт Жантөрө Сатыбалдиев абактан ооруканага которулганы белгилүү болдуНур-Султан оогандык казактарды алып келди УКМК: милиция кызматкери пара алууга шек саналып кармалдыОш милициясы: Бизде Нарматованы кармоо боюнча документтер жок